|
Душевная болезнь (психическая болезнь)
|
|
ЖИНООРУ (психикалык оору) – адамдардын айлана-чөйрөнү туура кабылдоосуна жана өзүн-өзү көзөмөлдөөсүнө кыйла кыйынчылык туудуруп, акыл-эстин демейдегидей иштөөсүн бузган оору. Ал адамдын кабылдоосунан, ой-жүгүртүүсүнөн, эстутумунан, көңүл коюусунан, эркинен, аракетинен, жүрүм-турумунан көрүнөт. Ж-га шизофрения (мээкайык), талма, олигофрения, паранойя (жанкайгы) ж. б. кирет. Ж. менен ооруган адамдардын аракетине КР мыйзамдары тарабынан белгилүү бир деңгээде чек коюлган.
|